Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Австрия президентинин саламаттыгы начар


Австриянын мамлекет башчысы Томас Клестилдин абалы оор бойдон кала берүүдө. Президент мурдагы күнү жүрөгүнөн кармап, ооруканага шашылыш жаткырылган эле. Венанын башкы бейтапканасынын профессору Рейнхард Креплердин айтуусунда, президенттин өмүрү кооптуу бойдон кала берүүдө, ал атайын аппараттын жардамы менен дем алууда.
71 жаштагы Клестилдин кызмат мөөнөтү эки күндөн кийин аяктайт. Ал 1992- жана 1998-жылы эки ирет мамлекет башчысы болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG