Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:44

Кыргызстанда бензин кымбаттайт


БИШКЕК. Кыргызстанда жакын арада бензиндин баасы дагы жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн АКИпресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Олег Забара билдирди. Анын айтымында, буга Казакстан менен Орусиянын бензинди кымбат баада сата баштагандыгы себеп болууда.

Андан тышкары быйыл Казакстандын өкмөтү дизелдик майды чет өлкөлөргө сатууга мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир жарым ай эрте тыюу салды. Олег Забаранын айтымында, азыр кыргыз өкмөтү Казакстандын өкмөтү менен бензинге квота берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Эгер ал ишке ашпаса бензин Орусиядан ташылып келип, баасы дагы жогорулашы ажеп эмес.

«Ушундан улам азыр бензинден алынчу кошумча нарк салыгын 15 процентке азайтуу жана контрабанданын жолун жабуу зарыл»,- деп билдирди Забара.

XS
SM
MD
LG