Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Агахан Кыргызстанда


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга дүйнөдөгү исмаилиттердин башчысы Агахан Керим IV жана анын уулу ханзаада Амин Агахан келди. Алар Нарында курулуучу Борбор Азия университетининин пайдубалын түптөө иш чарасына эртең президент Аскар Акаев менен бирге катышат. Аталган университет Нарын шаарына чукул жайгашкан Аккыя аймагында 200 гектар чамалаш жерди ээлеп, анын тутумунда студенттик шаарча салынат. Курулуш иштери 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөттү камтыйт.

Мындан тышкары, “Ысыккөл облусунда эс алуу жайларын жана туризмди өнүктүрүү” багытында жума күнү Чолпонатада өтүүчү эларалык конференцияга катышышат. Агахан Керим IV, ошондой эле, Ош облусунда да болуп, Агахан корунун айыл жана шаарчаларды өнүктүрүү долбоору менен таанышат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG