Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Баткен облусунун губернатору Аскарбек Шадиев эл менен жолугушту


БАТКЕН. Жолугушууда губернатор Аскарбек Шадиев бул кызматка келгенден берки 7 ай ичинде жасалган жана алдыда аткарылчу иштер туурасында маалымат берди. Анын айтымында, өткөн айда Баткенде өткөн өкмөттүн көчмө жыйынынын натыйжасында облуска көңүл бурула баштады. Күзгө дейре Баткен шаарынын борбордук төрт көчөсүнө асфальт төшөлүп, Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтүүчү жолун оңдоо иштери уланат жана жакын арада мобилдик байланыш ишке кирет.

Губернатор мындан тышкары облус борборун таза суу менен камсыздоо максатындагы Азия өнүктүрүү банкынын долбоору да ишке аша баштаганына, бирок элден жыйналчу 5 пайыздык төлөм дале жыйналбай жатканына, таза суу таңсыктыгынан ичкелте сыяктуу жугуштуу илдеттердин токтобой жатышына токтолду.

XS
SM
MD
LG