Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Кыргызстандагы шайлоо даярдыгына 3 млн доллар берилет


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасы Кыргызстанга шайлоо өткөрүү үчүн 1 млн. доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Бул тууралуу бүгүн БУУнун Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратович «Шайлоо процесстерин уюштуруу менен өткөрүүдө улуттук мүмкүнчүлүктү күчөтүү» аттуу долбооруна кол коюу учурунда билдирди. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин айтымында, бюджеттен бөлүнүүчү 3 млн. доллар жана өнүгүү программасы берүүчү каражат шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүү иш чарасына жумшалат. Шайлоо өнөктүгүнө Германиядан да каражат бөлүнүшү күтүлүүдө. Ошондой эле БУУнун Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратович «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова жазган катты алгандыгын жана ал катка жакын арада жооп жолдоорун билдирген. Катта “Шайлоо процесстерин уюштуруу менен өткөрүүдө улуттук мүмкүнчүлүктү күчөтүү» долбоору коррупциялашкан жана ар бир өңүтү дыкат иштелип чыккан эмес деп билдирген. Долбоор кайрадан талкууга алынып, ага укук коргоочулар, көз карандысыз маалымат каражат өкүлдөрү жана оппозиция өкүлдөрүн катыштыруу сунушталган.

XS
SM
MD
LG