Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:19

Багдадда бомбанын жарылуусунан 11 киши курман болуп, 40 тай киши жарaат алды


БАГДАД. Бүгүн Багададда автомашинага орнотулган бомбадан, бери дегенде, 11 киши курман болуп, 40 тай киши жараат алды. Ирактын өкмөт башчысы Ияд Аллави бул кол салуу кылмышкерлерге жана террористтерге каршы катаң чара көргөн өкмөттөн өч алуу үчүн жасалганын айтат.

- Бул Ирак элине каршы жасалган дагы бир кылмыш, - деп айтты премьер.
Анын аралыгында, Иракта барымта туткунда кармалган эки болгардын бирөө- өлтүрүлдү. Ал-Кайыда менен байланышы бар делинген Абу ал- Заркауви жетектеген террристтер тобу эгер америкалык аскерлер ирактык туткундардын баарын бошотушпаса, алар 24 саатын ичинде экинчи болгарды өлтүрө турганын эскертишти. Филиппин жаранын колго түшүргөн барымтачылар филипин аскерлеринин өлкөдөн чыгарылып кетишин талап кылышты. Филиппин өкмөтү бүгүн өз аскерлерин чыгарып кете баштагынын билдирди.

XS
SM
MD
LG