Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:36

ЖАРЫМ ЖЫЛДА 2 ТОННАГА ЖАКЫН БАҢГИЗАТ КАРМАЛДЫ


Бүгүн Бишкекте АКШ өкмөтүнүн атынан Кыргызстандын баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматтарына 130 миң долларлык жардамды тапшыруу аземи өттү. Эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык АКШ өкмөтү Кыргызстандын баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматтарына жарым миллионго жакын долларлык көмөк көрсөтмөкчү.

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы баңгизаттарга каршы күрөшүү агенттигинин жетекчиси Курманбек Кубатбековдун ырасташынча АКШ өкмөтү үч жылга 6 миллиондон ашуун доллар акча бөлүштүрүүдө:

- Бул өзү АКШ менен биздин өкмөттүн ортосундагы келишимден жаралган агенттик. Кошмо Штаттардын өкмөтү үч жылга 6 миллиондон ашуун доллар берип атат.

АКШ өкмөтүнүн 130 миң доллардык жардамын баңгизаттарга каршы кызматтарына тапшырып атып Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчисинин орунбасары Дональд Лу бул көрсөтүлчү көмөктүн бир бөлүгү экенин белгилей кетти:

- Бул келишимге ылайык көрсөтүлчү 465 миң долларлык жардамдын бир бөлүгү. Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттикке жардам көрсөтүү менен Кошмо Штаттар жабдуулар жагынан көмөктөшүү, кызматкерлерди окутуп үйрөтүү иштерин жүзөгө ашырууну ойлонуштурууда.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды соодалоого каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Туратбек Орозакунов быйыл жарым жыл ичинде 2 тоннага жакын маңзаттар кармалгандыгын маалым кылды:

- 6 айдын жыйынтыгын айтсак, баңгизат арбын кармалды. Эң оор баңгизат – героин, мунун 125 килосун колго түшүрдүк. Былтыр ал 104 кило болгон. Быйыл жарым жылда бардыгы болуп 80 кило апийим кармадык. Былтыр жыл боюнча 45 кило кармалган.

Кийинки жылдары Ооганстанда апийим эгүү көбөйүп, баңгизатты Борбор Азия аркылуу алыс жактарга ташып өтүү арбый баштаганын Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын эларалык баңгизаттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Турдубек Алмаматов да ырастады:

- Быйылкы жылы 5 – 6 операция өткөрдүк. Кечээ эле жакында Новосибирск жактан эки аткезчини кармадык. Алардын жанынан 15 килограмм апийим, 1 килограмм героин табылды. Андан мурда 16 килограмм героин, март айында болсо 8 килограмм героин кармаганбыз. Аны да бир машинага жүктөп Кемерово жакка алып кетип аткан экен. Аны машинанын адам карабай турган жерлеринен таап чыктык. Эми расмий статистикага ишенсек, биздин кызматтар ташылып аткан баңгизаттардын 10% жетип-жетпегенин эле кармайт. Аны ачык эле айтыш керек. Аны Улуттар уюмунун кызматкерлери да белгилеп жүрүшөт. Биздин агенттикте да ушундай эле маалыматтар бар.

Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Курманбек Кубатбеков сатууга чыгарылган нашаанын кыйла эле аз бөлүгү кармаларын, калганы жашыруун базарга чыгарылып, салыштырмалуу арзан баада сатылып атканын айтты:

- Ооганстанда террорчулукка каршы күрөш жүрүп атканы менен, тилекке каршы, ал жерде апийим өстүрүү көбөйүүдө. Анын бир бөлүгү түндүк тарап аркылуу – Борбор Азия менен өтөт. Сандардын өзү эле айтып туру, быйыл былтыркыга салыштырганда апийим 5 эсе көп, героин 3 эсе көп кармалды. Базарда баңгизаттын баасы төмөн. Себеп дегенде сырттан көп ташылып келүүдө. Товар алам деген кишиге жетиштүү. Бүгүнкү иш-чара, АКШ өкмөтүнүн жардамы, Кыргызстанда атайын агенттиктин түзүлүшү биздин өлкө эларалык баңгизаттар соодасына каршы активдүү күрөшүүгө даяр экенин көрсөтөт.

Адистердин айтымында, базарга чыкчу баңгизаттын 10% жакыны гана кармалат. Кыргызстанда эле жарым жылда 2 тоннага бираз жете бербеген баңгизаттар колго түшүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG