Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

БҮГҮН ДҮЙНӨЛҮК БАНК МЕНЕН КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮНҮН ОРТОСУНДА МАКУЛДАШУУГА КОЛ КОЮЛАТ


Бүгүн Дүйнөлүк банк менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда Майлуусуу шаарынын айланасындагы уран калдыктарын зыянсыздандырууга багытталган «Күтүүсүз кырдаалдарды алдын-алуу» деген макулдашууга кол коюлат.

Кол коюла турган макулдашуунун негизинде Дүйнөлүк банктын эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Майлуусуу шаарынын айланасына көмүлгөн уран калдыктарын зыянсыздандыруу үчүн 6 миллион 900 миң долларды грант түрүндө берет. Ага уран калдыктары көмүлгөн жерлердин айланасын бекемдөө иштери жүргүзүлүп, ал жерлердин жаан суусуна желип кетишинен коргоочу жайлар курулат. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин уран калдыктары көмүлгөн жайларга байкоо салуу департаментинин башчысы Анаркул Айталиевдин айтымында, уран калдыктары көмүлгөн жерлердин кыртышы да иликтөөгө алынып, зыянсыздандыруу иштеринин кесепети тийбейби деген маселе да байкоого алынат:

- Майлуусуудагы уран калдыктары сакталган жайларды кайра калыбына келтирүү, алардын тегерегиндеги жер көчкүлөрдү турукташтыруу иштеринин жүргүзүлүшү тескерисинче, уулуу зат көмүлгөн жайларга кедергисин тийгизип, уран калдыктары сууга кошулуп кеткен жокпу, шамал менен кошо абага сиңип кеткен жокпу деген маселеге катуу көңүл бурулат. Зыянсыздандыруу иштеринин маалында жердин кыртышына, суунун сапатына мониторинг жүргүзүлөт. Аларга зарыл жабдууларды алууга каражат да ушул гранттын эсебинен берилет.

Аталган макулдашуунун алкагында Майлуусуудагы уран калдыктарын зыянсыздандырууга бардыгы болуп 11 миллион 761 миң доллар берилет. Эми анын 1 миллион 950 миң долларын Жапониянын өкмөтү, 1 миллион 800 миң долларын кыргыз өкмөтү бөлөт.

XS
SM
MD
LG