Египет бийлиги Иракка аскерлерди да, аскерий адистерди да жөнөтпөйт. Египеттик дипломат барымтага алынгандан кийин Египеттин Тышкы иштер министри Ахмед Абул Гейт ушундай билдирүү жасады. “Ал- Жазира” сыналгыканалы Египеттин Багдаддагы элчилигинин кызматкерин ортого алган согушчандарды көрсөттү. Алар Каирден Иракка бир да аскер жөнөтпөөнү талап кылышууда. Ага чейин Египеттин премьер- министри Ирактагы коопсуздукту сактаганга көмөктөшүүгө анын өлкөсү ынтызарлыгын билдирген болчу. Ал эми кувейттик 7 адамды барымтада кармаган согушчандар америкалык аскерлер менен кагылышууда каза тапкан ирактыктардын үйбүлөсүнө компенсация төлөп берүүнү жана Ирактагы туткундарды бошотууну талап кылууда.