Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:55

АФИНА ОЛИМПИАДАСЫНА АКЫРКЫ ДАЯРДЫКТАР ЖҮРҮҮДӨ


Султан Раев, Бишкек Саналуу күндөрдөн кийин олимпиада оюндарынын мекени - байыркы Афинада 28-олимпиаданын оту күйгүзүлөт. Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы да азыркы күндө Афинага акыркы даярдыктарды көрүүдө.

Байыркы Элладада өтүүчү дүйнөлүк олимпиаданын кылым башындагы 28-оюндары салт катары Афина шаарында башталмакчы. Дүйнөнүн булуң-бурчтарынан келген эң мыкты спортсмендер өз өлкөсүнүн желегинин алдында күч менен шамдагайлыктын, спорт менен тынчтыктын символуна айланган олимпиадалык оюндарда өздөрүнүн күчүн гана эмес, өз өлкөсүнүн спорттук бийиктигин да даңазаламакчы.

Илгертен олимпиада оюндарынын башкы идеясы - анда баш байге жеңип алуу эмес, ага катышуу. Олимпиадалык бул принцип дүйнөлүк спортсмендердин башын эчен кылымдардан бери бириктирип келет. Кыргыз спортчулары өлкө эгемендик алгандан бери үчүнчү жолу мындай чоң мелдешке өлкөнүн намысын коргоп, желегин көтөрүп катышууда.

Быйылкы олимпиадалык оюндарга кыргызстандык спортсмендер спорттун 10 түрүнөн күч сынайт. Өлкөнүн олимпиадалык командасынын курамына эң мыкты 29 спортсмен кирген. Бул спортсмендердин баары дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерде алдыңкы орундарды ээлеп, олимпиадалык оюндарга катышууга укук алган. Албетте, Кыргызстанды башка кубаттуу өлкөлөр менен салыштырууга болбогондой эле, спортсмендердин даярдыгын, аларга түзүлгөн шартын да ошол деңгээлде карай албайбыз. Бүгүнкү күндө улуттук олимпиадалык команданын курамына кирген спортсмендер өздөрү каалаган, шарты туура келген жерлерде машыгууларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу олимпиадалык курама комананын мүчөсү, оор атлет Улан Молдосовдун тренери Өмүржан Молдосов төмөндөгүдөй оюн билдирди:

- Азыр Митал Шарипов менен Улан Молдосов Чымкентте даярданып жатышат. Даярдык жакшы эле. Алар 6-августта жөнөп кете турган болушту. Балдар баардык жагынан камсыздалган. Кыргыз элинин атынан бараткандан кийин аракет кылышат.

Олимпиадалык оюндарда баш байгеге жетүү өтө кыйын. Бирок спорт адистеринин пикирине караганда, грек-рим күрөшү түрүнөн Уран Калилов, Канатбек Бегалиев, эркин күрөш боюнча Надырбек уулу Улан, Магомед Будунов, жеңил атлетика боюнча Татьяна Ефименко, Галина Педан, сууга сүзүү боюнча Антон Крамеренко, Семен Данилов, дзюдо боюнча Эркин Ибрагимов, оор атлет Улан Молдосовдон үмүт бар.

Олимпиадалык оюндарга даярдык жеке эле спорттук даярдыкка гана көз каранды эмес, ал албетте бир кыйла материалдык каржылоого, колдоого да муктаж. Айрым маалыматтарга караганда, бул маселенин бир топ оорчулук туудуруп жаткандыгын спорт адистери да жашыргысы келбейт. Айрыкча, мамлекеттик каржылоо иштери ушул кезге дейре жакшы чечилбегендиктен, спорт чиновниктери өздөрү каржы министрлигине чуркап, көпчүлүк убактылары ушул каржы маселесин чечүүгө кетип жаткандыгын да жаап-жашырууга болбойт. Ал маселе тууралуу Кыргыз Республикасынын туризм, спорт жана жаштар саясаты комитетинин төрага орун басары Каныбек Осмоналиевдин сөзүнөн да байкалат:

- Аяккы кезинде кичине кыйынчылыктар болду. Бирок мен бүгүн каржы министрлигине барып келдим. Ал жактан бизге аягына чейин каржылоо маселесин чечип беребиз деп айтты. Биз спонсорлорго ар бир спортсменди бекитип бергенбиз. Ошонун ичинен көпчүлүк спонсорлор жардамын беришти. Буга мен абдан чоң ыраазычылык билдирем. Бирок азыркы учурда биздин бизнесмендердин көпчүлүгү спортсмендерге жардам берүү маселесине көп көңүл бурбай турушат.

Олимпиада абалтан спортсмендердин гана күчүн, шамдагайлыгын даңазалап гана келбестен, ошол мамлекеттин да спортко болгон мамилесин айгинелеп келген. Бул маселенин маанилүүлүгүн Каныбек Осмоналиев мындай баса белгиледи:

- Илгертеден баатыр уулдар туулуп келген. Мен ойлойм, олимпиадалык оюндарга, дүйнөлүк биринчиликтерге катышууда биздин улутубузду даңазалай турган жигит-кыздарыбыз бар деп.

Албетте, жалпы эле спорт күйөрмандарынын баары ушул тилекте. "Күч атасын тааныбайт" дейт элибиздин накыл кеби. Анын сыңарындай күч да өлкөнүн алдуу, алсызын тааныбайт. Демек, олимпиадалык оюндардан улуттук курама командабыз байгеге жетишсе экен деген тилек ар бир өлкө атуулунун аруу тилегине айланган убак.
XS
SM
MD
LG