Бириккен Улуттар Уюму Иран өкмөтүн адам укуктарын бузгандыгы үчүн күнөөлөп, Захра Каземи аттуу фото сурөтчү айымды былтыр өлтүргөн коопсуздук кызматынын өкүлү өткөн ишембиде акталганын катуу сынга алууда. Захра Каземи - Эвин аттуу түрмөнүн алдындагы окуяларды сүрөткө тартканы үчүн камакка алынган жана кийин сурак учурунда аны коопсуздук кызматкери башка уруп жибергенден өлгөн.