Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ ГУБЕРНАТОРЛОРДУН ИШИНЕ ЫРААЗЫ ЭМЕС


28-июнда өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп, анда чек ара кызматын өнүктүрүү, айыл чарба тармагынын абалы тууралуу маселе талкууланды. Жыйындын соңунда чек ара кызматын өнүктүрүү тууралуу жана айыл чарба министрлигинин “Кант”, “Соя” аттуу программалары кабыл алынды.

Өкмөт жыйыны премьер-министр Николай Танаевдин төрагалыгы астында өтүп, өкмөт менен губернаторлордун, премьер-министр менен каржы министрлигинин ортосундагы пикир келишпестикти көрсөттү.

Чогулушта алгач Николай Танаев август айынын башында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Балыкчы шаарында боло турган “Чек-2004” аскердик машыгуусуна токтолуп, машыгуу эл аралык террористтерден тартып ниети түз эместерге чейин -коопсуздукту сактоочу күч бар экенин көрсөтмөкчү деп билдирди.

Андан кийин Чек ара кызматынын башчысы генерал Калмурат Садиев чек ара кызматын жана мамлекеттик чек араны 2004-2010-жылдар аралыгында жайгаштыруу боюнча программаны сунуш этти. Ал программаны үч бөлүктө аткаруу каралып, 2010-жылга чейин 4571 чакырым келген Кыргызстандын тышкы чек ара тилкесине бери дегенде 78, ары болгондо 111 чек ара бекеттерин куруу зарыл деп белгиленген.

Келечек тууралуу сөздөн кийин Калмурат Садиев чек ара кызматындагы азыркы абалга токтолуп, Өзбекстан жана Казакстан чек ара бекеттери менен кыргыз чек ара бекеттерин сүрөт фактылары менен салыштырды. Анда байкалгандай, кыргыз чек арачылары ар кандай темир вагондордо баш калкалап турса, коңшу мамлекеттердин чек арачылары мыкты имараттарга жайгаштырылган. Садиев башка арызын да ачык айтты:

- Кийим-кече үчүн бизге 2 миллион 662 миң сом бөлүнөт. Муну менен 196 аскерди кийинтүүгө болот. Калган беш миң аскер жылаңач калыш керек. Кытай, Америка берген кийимдер менен абалдан чыгып жатабыз. Бирок мындай жардам дайыма боло бербейт да.

Бирок башкы чек арачынын мындай арызына өкмөт башчы да, каржы министрлиги да жооп берген жок. Болгону программаны август айында боло турган коопсуздук кеңешине алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Чек ара маселесинен кийин айыл чарбасы тууралуу министр Александр Костюк сөз сүйлөп, кайра иштетүү тармагынын абалына токтолду. Анын айтымында, бул тармакты эски технологиялар “эсин” кетирип жатат, бирок алга жылуулар арбын.

Министрдин сөзүнөн кийин Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева “картошка сатууда министрлик жардам береби” деген суроону койду. Ага Александр Костюк минтип жооп берди:

- Картошка жөнүндө айта турган болсом, маселе татаал. Эки жылдан бери картошка эгүүнү азайткыла деген сунушубуз аткарылбай жатат. Өз керектөөбүздөн төрт эсе көп картошка өндүрүп жатабыз. Коңшулар да сатып алууга кызыкдар эмес .

Айыл чарба министрин Николай Танаев коргоп, бир эле Токон Шайлиева эмес, бүт губернаторлор корпусун “инвестиция тартууда, жергиликтүү продукцияларды сыртка чыгарууда дурус аракеттенбей жатасыңар”, “алма быш, оозума түш” позицияңар качан өзгөрөт, деп айыптады.

Айыл чарба министрлигинин мал чарбасын өнүктүрүү, “Кант” жана “Соя” программалары үчүн 250 миллион сом эмес, андан көп каражат талап кылынат деп, үч программага тең кыртышы сүйбөй сүйлөгөн каржы министринин биринчи орун басары Эмирлан Төрөмырзаев да премьер-министрдин сынына кабылды. “Беш-он сомду үнөмдөйм деп жатып, миллиондогон кирешеден кур калтырып жатасыңар”,- деди өкмөт башчы. Николай Танаевдин жеке колдоосу менен бул программалар да жактырылды.

Андан кийин жыйында эсеп палатасынын бюджеттик каражаттарды пайдалануу боюнча текшерүүсүнүн жыйынтыгы талданып, “Айылдарды 2010 жылга чейин комплекстүү өнүктүрүү тууралуу” улуттук стратегиянын бет ачары болду. Ошону менен төрт маселени караган өкмөт жыйыны соңуна чыкты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG