Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:34

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү Таласта болушту


ТАЛАС. Элчилик Талас облусунда Америка жөнүндө кең-кесири маалымат таратуучу «Америка ордосу» деп аталган борбор ачуу мүмкүнчүлүгүн иликтеп баштады. Атуулдук демилгелерге колдоо көрсөтүүчү «Айкөл» борборунда өрөөндөгү диний концепциялардын өкүлдөрү менен жолугушууда, диний сабырдуулук маселеси боюнча талкуу уюштурулду. Тынчтык корпусунун Таласта иштеп жүрүшкөн волонтерлор менен жолугушууда болсо, алардын иштерин уюштуруудагы көйгөйлөр жөнүндө сөз болду. ЮНЕСКОнун жардамы менен Таласта ачылган маданияттар жана цивилизациялар байланышынын эл аралык борборундагы жолугушууда, Таласта көз карандысыз радио ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Иш сапардын олутту бөлүгү АКШнын элчилиги аркылуу грант алып иштеп жаткан өрөөндөгү өкмөттүк эмес уюмдар, каражатты кандайча пайдаланып жатышкандыгына көзөмөл жүргүзүүгө арналды. Эки күндүк иш сапар соңунда элчиликтин өкүлдөрү көз карандысыз журналисттер менен жолугушуп, пикир алышышты.
XS
SM
MD
LG