Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Кытай аскерий кызматташтыкты тереңдетүүгө ынтызар


БИШКЕК. Шанхай Кызматташтык уюмунун алкагында коргонуу коопсуздугу боюнча 10 күн мурда башталган семинар кечээ ишин аяктады. Семинарга Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын 16 аскер кызматчысы катышып, анда эл аралык абал, аймактык коопсуздук, террорчулукка каршы күрөш боюнча кызматташтык, Шанхай уюмунун алкагында аскерий реформалоо маселелери талкууланды. Синхуа агенттигине шилтеме берип «Кабар» агенттигинин тараткан маалыматына караганда, ШКУ мамлекеттеринин аскерий өкүлдөрү Кытайдын аба жана деңиз, ошондой эле жөө аскер күчтөрү менен таанышты.

Кытай башка мүчө мамлекеттер менен бирге аймактык коопсуздук багытындагы иштиктүү кызматташтыкты дагы тереңдетүүнү көздөп жатат, деп айтылат маалыматта.

XS
SM
MD
LG