Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Кыргызстандын мамлекеттик ишмерлери Масалиевге некролог жазышты


БИШКЕК. Советтик Кыргызстандын акыркы партиялык жетекчиси, белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин дүйнөдөн өтүшүнө байланыштуу президент Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин спикерлери Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, жазуучу Чынгыз Айтматов баш болгон мамлекеттик, коомдук жана маданий ишмерлердин жоон тобу кол койгон некролог жарыяланды. Некрологдо маркумдун Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымына олуттуу баа берилген.

Ушундай эле баасын Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин Венада жүргөн жетекчиси Рамазан Дырылдаев билдирди. Анын белгилегенине караганда, Масалиев чынчыл, мыйзамды сыйлаган, элдин тынчтыгын баарынан жогору койгон таза саясий ишмер болчу. Масалиевдин о дүйнө кетиши - кыргыз элинин чоң жоготуусу, дейт Дырылдаев. Маркумдун сөөгү эртең Аларча көрүстөнүнө коюлат.

XS
SM
MD
LG