Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Облус тургундарынын электр энергиясына карызы көбөйүүдө


ЖАЛАЛАБАД. Жалалабаддыктардын карызы жыл башынан бери кошулган 40 миллион сомду эсепке алганда 138 миллион сом болду. Анын басымдуу бөлүгү Жалалабад, Ташкөмүр шаарларына, Сузак, Аксы, Чаткал райондоруна жана казыналык ишканалар менен калкка таандык. Карызды өндүрүүгө электр тармактарынын, тартип коргоо кызматтарынын биргелешкен аракеттери да натыйжа берген жери жок. Үймө-үй кыдырып айып салуу, жарыгын өчүрүү, гезитке жазып уяткаруу иштери да жасалууда. Байкоочулардын айтымында, иштин илгерилебей жатышына Жалалабад электр тармактар ишканасындагы башаламандык таасир этүүдө.

XS
SM
MD
LG