Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Кыргызстандын тоолорунда көчкүгө кабылып чет элдик алты альпинист каза тапты


Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ тоолордо жүргөн көчкүдөн бардыгы 40тай адам кырсыкка кабылганын билдирди. Ысыккөлдүн чыгыш тарабындагы бийиктиги 7 миң метрге жакын Хантеңир чокусун багындырууга баратып, көчкүнүн алдында калган алты альпинисттин бешөө - Чехиянын, бирөө Орусиянын жараны болгон. Алардын жанындагы экөө ооруканага жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Эмил Акматовдун айтымында, куткаруучулардын ишин улам кеңейип бараткан көчкү татаалдаштырууда.

 

XS
SM
MD
LG