Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Кыргызстан калкынын 19 пайызы жеткиликтүү тамак ичүүгө мүмкүнчүлүгү жок


БИШКЕК. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен учурда Кыргызстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнүн калкынын он тогуз пайызга жакыны күнүмдүк кара курсагын жеткиликтүү тойгузууга мүмкүнчүлүгү жок. Бул тууралуу БУУ Дүйнөлүк азык түлүк программасынын дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндөгү жакырчылыктын деңгээли тууралуу жарыялаган маалыматында жазылган. Ошондой эле ал маалыматта тамак аш менен камсыз кылууда өзгөчө оор абал Ооганстан менен Тажикстанда түзүлгөндүгү келтирилген. Тагыраак айтканда, аталган өлкөлөрдүн элинин 35 пайызы курсагын тойгуза тамак ичүүгө мүмкүнчүлүгү жок.

XS
SM
MD
LG