Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:15

АКШ аскерлери Нажафтын тургундарын уруш аймактарынан кетүүгө чакырды


Бул шаарда америкалык, ирактык аскерлер менен шийиттердин радикал дин ишмери Моктада ас-Садрдын согушкерлеринин ортосундагы уруштар алты күндөн бери уланууда. Бүгүн америкалык аскерлер үн көбөйткүчтөр аркылуу жергиликтүү калкка төмөнкү сөздөр менен кайрылды:

- Бизде куралдуу топтор менен ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу жок. Биз калкты полиция жана ирак армиясы менен кызматташууга чакырабыз. Уруш болуп жаткан аймактардан кетиңиздер.

Күбөлөрдүн айтымында, козголоңчулар менен уруштар бүгүн кайрадан Багдаддын Садр шаар деген районунда да чыккан. Ал эми британ армиясынын өкүлүнүнүн билдиргенине караганда, түштүктөгү Басра шаарынын көчөлөрү бүгүн тынч. Кечээ бул жерде ас-Садрдын согушкерлери менен урушта бир британ аскери курман болгон.

XS
SM
MD
LG