Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

СПИДге каршы күрөшүү белгиси Жеңиш чокусуна орнотулду


БИШКЕК. Адамдын иммундук таңсыктык вирусун жугузуп алган жана СПИД дартына чалдыккан адамдарга тилектештикти туюндурган белги Кыргызстандын аймагындагы 7 миң 439 метр бийиктиктеги Жеңиш чокусуна орнотулду. Мындай маалыматты бүгүн чокуга белгини орноткон «СПИДке каршы белги» аттуу эл аралык экспедициянын өкүлдөрү кабарлашты. Кайчылашкан кызыл тасма түрүндө жасалып, бийиктиги эки жарым метрге жеткен белгини 11 мамлекеттин кол өнөрчүлөрү даярдашып, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн СПИД дартына каршы күрөштү колдогон атуулдары кол коюшкан. Эл аралык экспедициянын жетекчиси Йоахим Францтын айтымында, бул акциянын максаты СПИД дартына каршы күрөшүүгө дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруу жана ага зарыл каражат табуу. Азыр экспедициянын Интернет-сайтына 500 миллион адам кайрылып, аларды колдой тургандыктарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG