Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

КУМТӨРДӨН ТҮШКӨН 85 МИЛЛИОН ДОЛЛАР КАЙДА?


“Центерра голддогу” кыргыз өкмөтүнө тиешелүү акциянын бир бөлүгүн сатуудан түшкөн 85 миллион доллардын Англиянын банкында кармалып турганын Эл аралык валюта корунун миссиясынын башчысы Тапио Саавалайнен билдирди. Анын сөзүнө караганда, акча чет өлкө банкында Кыргызстанда салык төлөп калбаш үчүн кармалууда.

Тапио Саавалайненге чейин 85 миллион доллардын кайда экендигин кыргыз өкмөтү ачык айтпай келген. Премьер-министр Николай Танаев "акча Улуттук банктын эсебине түштү" деп июнь айында айткан эле, бирок анын сөзүн август айында Улуттук банктын башчысы Улан Сарбанов төгүнгө чыгарды.
Акчаны Англия банкында кармоонун себебин кезектеги миссия менен келген Тапио Саавалайнен ачыктады:

- Акчанын которулбай жатышына - силердин “мыкты” жана чаташкан салык мыйзамыңар себеп болуп жатат. Силердин мыйзам боюнча акцияны сатуудан түшкөн акча пайда катары эсептелет. Ошого жараша андан жол салыгы, өзгөчө кырдаалдарга жана кирешеден түшкөн пайда боюнча салык төлөш керек. Ошондуктан акча ошол жакта кармалууда.

Башкача айтканда, кыргыз өкмөтү Кыргызстанда салык төлөбөш үчүн акчаны Англияда кармап турат экен.

Бул кырдаалга карата президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин пикирин сураганыбызда, азыр жооп бере албасын билдирди.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин пикири мындай болду:

- Биринчиден, Кумтөрдү канадалыктарга бекер берип коюш –бул кылмыш. Экинчиден, андан кийин өзүбүздүн акцияны дароо сатып жибериш туура эмес иш болду. Биз ал жерден өзүбүздүн пайдабызга сата албай, алтыныбыздан дээрлик кол жууп отурабыз. Ал эми өкмөттүн Кыргызстанга келсе салык төлөйт экен, ошондуктан чет өлкөдө кармап турабыз, деген жүйөөсү - элди ачыктан ачык алдоо. Ал акчанын баары бюджетке түшүш керек. Ал мамлекеттин акчасы.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын дагы бир депутаты Акылбек Жапаров бул маселеде жооптон көрө суроолор көп экенин айтып, буларга токтолду:

- Биздин болгон байлыгыбыз ушул алтын. Андан биринчи жолу накталай акча алып жатабыз. Анан ошону да будаймалап, буяка-тыяка деп атышат. Мисалы, Улуттук банктын төрагасы акчанын каякта экенин билбесе, анда макулдашууга ким кол коюп, ким сатты – алтынды.

Анын айтымында, кандай болгон күндө да акча жумуруят бюджетине түшүүгө тийиш. Эң жакшысы – ал акча менен турукташтыруу фонддун түзүп, анын эсебинен ар бир облуска бирден айыл чарбасынын чийки заттарын кайра иштетүүчү завод куруу максатка ылайыктуу болмок.

Эл аралык валюта корунун миссия башчысынын сөзүнө аңдоо салганда 85 миллион доллар кыргыз өкмөтүнүн эмес, Эларалык валюта корунун көзөмөлүндө тургандай. Алар болсо биринчи кезекте Кыргызстанга берген карызын өндүрүп алууга кызыкдар. Дал ушул себептен 85 миллион доллар Англиянын “Стандард” банкында жатабы же депутат Болотбек Байгожоев белгилегендей кайсы бир адамдын пайдасына иштеп жатабы? Белгисиз. Мүмкүн Тапио Саавалайнендин дагы жарым жылдан кийинки миссиясында буга жооп алынаар.

Салыктан качуунун моралдык жагы да болууда. Кыргыз өкмөтү өзү Кыргызстанда салык төлөбөш үчүн чет өлкөдө акча кармап отурса, анда өкмөт ишкерлерден өлкө үчүн өp ыктыярыңар менен салык төлөгүлө, деп патриоттуулукка кантип үндөй алат дешет адистер. Ага акысы болобу? Акылбек Жапаров белгилегендей, бул иште суроо көп, ал эми ачыктык жок болууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG