Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Француз өкмөтү чукул жыйын өткөрдү


Анын аралыгында, француз өкмөтү Иракта барымтада кармалып жаткан эки журналистке байланыштуу шашылыш жыйын өткөрдү. Париждеги чукул жолугушууга кабинет мүчөлөрү жана өлкөдөгү мусулман жамаатынын лидерлери катышышты. Ички иштер министри Доминик де Вильпен согушкерлерге кайрылып, франциялык жарандарды кое берүүгө чакырды.

Француздар 20-августтан бери дайынсыз жоголуп аткан эле. Кечээ кечинде алар тартылган тасма “ал-Жазиира” каналы аркылуу көргөзүлдү. Кабарчыларды туткундаган согушкерлер Париж өкмөтүнөн мамлекеттик окуу жайларында жоолук салынып жүрүүгө тыюу салган мыйзамдан баш тартууну талап кылууда. Мыйзам бир нече күндөн кийин, 1-сентябрда күчкө кирүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG