Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Америкалык, орусиялык офицерлер СПИДге каршы чогуу күрөшөт


АКШнын Коргоо департаменти Орусиянын коргоо министрлиги менен бирге Маскөөдө СПИДди алдын алуу семинарын өткөрөөрүн маалымдады. Үч күндүк семинар бүгүн башталууда.

Пентагондун билдирүүсүндө СПИД оорусу Евразияда эң жогорку темпте жайылып жаткандыгы эскертилет.

Семинарда Орусиянын, айрым европалык жана борбор азиялык аскер кызматкерлери арасында СПИДди жана аны пайда кылуучу ВИЧ-инфекциясын алдын алуу, диагноздоо жана дарылоо боюнча тажрыйбаны документтештирип, жайылтуу боюнча окутуу жүргүзүлөт. Семинардын катышуучулары арасында Кыргызстандын да өкүлдөрү бар.

Дүйнөлүк таңкы жаңылыктарды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады.

XS
SM
MD
LG