Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

Инвестиция боюнча атайын агенттик түзүлөт


БИШКЕК. Кыргызстанда чет элдик тикелей инвестицияны тартуу боюнча атайын агенттик түзүлүшү мүмкүн. Мындай чечим ушул жайда өткөн инвестициялык саммитте кабыл алынып, азыр долбоору даярдалган бешинчи инвестициялык матрицага киргизилди. Мындай маалымат бүгүн инвестиция тартуу боюнча консультативдик кеңештин катчылыгынан алынды. Маалыматка караганда, чет элдик тикелей инвестицияны тартуу аракети үзгүлтүксүз жана туруктуу жүргүзүлүшү керек. Ал үчүн Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн так сүрөттөп, чет элдик инвесторлорду кызыктыра турган долбоорлорду сунуштоо зарыл. Мына ушундай илимий-экономикалык негиздерге таянган жана өлкөнүн бардык аймактарынын мүмкүнчүлүгүн ачып көрсөткөн долбоорлорду даярдоо жана аларды ишке ашыруу атайын агенттикке жүктөлмөкчү.

Катчылыктын билдирүүсү боюнча, быйыл Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү 51 процентти түздү. Ал эми инвестордун келишине мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупция, соттордун күтүүсүз чечим чыгарышы жана салыктын көптүгү башкы тоскоолдук болуп жатат.

XS
SM
MD
LG