Кытайдын түштүк-чыгышындагы жаратылыш кырсыгында дагы жүздөгөн киши баткакка тыгылып калгандыгын мамлекеттик Синхуа агенттиги билдирүүдө. Сичуандагы жана Чоң-Киңдеги катуу жаандан бүтүндөй айылдар суу алдында калды. Көптөгөн айдоо жерлер керектен чыкты. Жергиликтүү бийликтер суу көтөрүлгөндө киши бара албай калган жерлердин тургундарына аба аркылуу жардам жеткирүүгө чакырууда.