Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Кофи Аннан Судандын Дарфур чөлкөмүндөгү кризисти жөнгө салууну талап кылды


НЬЮ-ЙОРК. Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Коопсуздук кеңешине кайрылып, Судандын Дарфур чөлкөмүндөгү зордук-зомбулукту токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырды.

- Мен Коопсуздук кеңешинен бул чөлкөмдөгү кризисти токтотууга багытталган резолюцияны буйдалбастан кабыл алуусун талап кылдым. Кеңештен бул кризисти жөнгө салуу аракеттеринде бирдиктүү болууcун өтүндүм,-деди Аннан.

Катчынын айтымында, Жанжавит куралдуу топтору Дарфурда отурукташкан кара түстүү калкка кол салып, аларды жашаган жерлеринен сүрүп чыгарууну токтото элек.

Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, өкмөттү колдогон куралдуу топтор өткөн бир жарым жылдан ашык убакытын ичинде Дарфурда 50 миңдей кишинин өлтүрүп, 1 миллион 200 миңдей кишини жашаган жерлеринен сүрүп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG