Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Шайлоо алдындагы Ооганстандагы кырдаал дагы эле опурталдуу


Ооганстандын ички иштер министри Али Ахмад Жалали бүгүн атайын билдирүү жасап, "Талибан" менен "ал-Каиданын" калдыктары өлкөдө жаңы террор аракеттерин уюштурууга камданууда деп жарыялады. Андай максат менен террорчулар ооган-пакистан чек арасында бир топ жаңы база түздү. Кечээ күнү кечинде АКШнын Ооганстандагы элчиси Залмай Хализад дагы окшош билдирүү жасаган. Анын алдында Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши эл аралык коомчулукка кайрылып, Ооганстандагы абалды стабилдештирүүгө салым кошууга чакырган. Призиденттик шайлоо өлкөдө 9-октябрда өткөрүлөт, 16-сентябрда болсо президент Хамид Карзайдын өмүрүнө кол салуу болгон.

XS
SM
MD
LG