Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:57

Кытай мамлекеттик кеңешинин премьери Кыргызстанга келет


БИШКЕК. 21-сентябрда Кытай мамлекеттик кеңешинин премьери Вэнь Цзябаонун Кыргызстанга ырасмий сапары башталат. Ал сапары учурунда өкмөт башчысы Николай Танаев менен жолугушуп, соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө программага кол коюшмакчы. Программада Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушу киргизилген.

Ошондой эле Кытай мамлекеттик кеңешинин премьеринин сапарынын алкагында Кытай өкмөтү буга чейин грант түрүндө берген 50 млн. юань каражат боюнча протоколго да кол коюлат.

Вэнь Цзябао мамлекет башчысы Аскар Акаев жана Жогорку Кеңештин теңтөрагалары менен жолугушу күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG