Баштапкы маалыматтарга караганда, отставкадагы генерал, мурда өкмөттө коопсуздук тармагын башкарган Сусилио Бамбангу Юдхойоно жеңишке жетишкендей. Аны добуш бергендердин 60%дайы колдоору күтүлүүдө Добуштардын калган 40%ын азыркы президент Мегавати Сукарнопутри алчудай. Шайлоонун расмий жыйынтыктары келерки айда гана маалым болот. Президент жалпы эл тарабынан алгачкы ирээт гана шайланууда. АКШ администрациясы дүйнөнүн эң ири мусулман өлкөсү - Индонезиядагы шайлоо ислам жана демократия чогуу жүрө аларын көргөзүүдө деп эсептейт.