Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Орусия Иранды МАГАТЭге кулак салууга чакырды


Ырасмий Москва бүгүн дагы бир жолу Ирандын өзөктүк курал программасы тууралуу изилдөө иши Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ тарабынан жүргүзүлүшү зарыл экендигин билдирди. Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Игорь Ивановдун айтымында, проблеманы МАГАТЭ гана чечүүгө укуктуу.

МАГАТЭ Иранды уран байытуу ишин токтотууга чакырган. Ал эми АКШ Иранды “жарышуун түрдө өзөктүк курал өндүрүп жатышы мүмкүн” деген эле, ырасмий Тегеран бул өңдүү айыптарды кескин чеке кагып келет.

Ал эми Орусия Иран менен энергетика жаатындагы кызматташууну улантаарын айтты.

- Биз бир канча жолу Орусия Иран менен ядролук энергетика жаатында Бушер атомдук станциясын куруу аркылуу кызматташып келатканыбызды айтканбыз. Биз ага кеткен отун Орусияга толук кайткандан кийин, долбоордун алкагында ишти дагы уланта беребиз, - деди бүгүн Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Игорь Иванов.

Дүйнөлүк соңку кабарларды Прагадан Төрөкул Дооров даярдады.

XS
SM
MD
LG