Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Рамсфелд суроолорго жооп берди


НЬЮ-ЙОРК. АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд Эларалык мамилелер боюнча кеңештин алдында сөз сүйлөп, бул таасирдүү бейөкмөт уюмдун өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди. "Ирактын бийликтен кулатылган диктатору Саддам Хусейиндин "Ал-Каида" менен кандай байланышы бар болушу мүмкүн?" деген суроого Рамсфелд:

-Андай байланыштар чынында бар болгонун айныксыз тастыктаган таныктарым бар,- деп жооп берди.

Берилген суроолордун биринде Иракта кыргын салуучу куралдардын табылбаганы айтылды эле, буга Рамсфелд:

-Андай куралдарды таппаганыбыз айкын болду. Бирок кыргын салучу курал Иракта кайсы бир убакта, кайсы бир этапта болгон эмес, деп ким кепил боло алат? Ирактын куралдары боюнча добуш бергендердин баары Хусейин Улуттар уюмуна жалган декларация бергенине күбө болушту. Чалгындоо кызматынын маалыматтары эмне себептен туура эмес болуп чыкканын билбейм,-деди Рамсфелд.

XS
SM
MD
LG