БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун адам укугу боюнча милдеттемелеринин аткарылышына арналган жылдык конференцияда Кыргызстандагы демократиялык кайра куруулардын жүрүшү тууралуу президенттик администрациянын жетекчисининин орун басары Аликбек Жекшенкулов маалымат берди. Ал адам укугун коргоо жаатында жасалып жаткан аракеттер, анын ичинде сот реформасы, адам укугун коргоочу институттардын калыптанышына токтолуп, 10-октябрда боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоону калыс өткөрүү аракети күчөтүлгөндүгүн билдирди.
Андан тышкары Жекшенкулов демократия ар бир мамлекеттин ичинде, сырткы таасирлерден тышкары өнүгүшү зарыл экендигин белгилеп, ички процесстерге тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсү кийинки кезде кыйынчылыктарды пайда кылууда деп билдирди.
Ал эми бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана атуулдук коом» коалициясынын конференцияга катышкан президенти Эдил Байсалов ЕККУга мүчө мамлекеттерди эмдиги жылы Кыргызстанда президенттик шайлоону калыс өткөрүүгө көмөктөшүүгө чакырды. Мындай маалымат бүгүн Эдил Байсаловдун өзүнөн алынды.