Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Бишкекте эл аралык медиафорум өтүүдө


БИШКЕК.Бүгүн Бишкекте «Медиа коркунучта. Медиа өткөөл мезгилде» аттуу эл аралык конференция башталды. Эки күндүк конференцияны Бүткүл дүйнөлүк гезит ассоциациясы ЮНЕСКОнун жана Массалык маалымат каражаттарын колдоо эл аралык уюмунун көмөгү уюштурду. Ага Борбор Азиядагы массалык маалымат каражаттарынын жана бул тармак менен кызматташкан башка уюмдардын жетекчилери катышып жатышат. Конференциянын максаты-Борбор Азияда массалык маалымат каражаттарынын маалымат алуу жана эркин талкууларды өткөрүүсүнө чектөөлөр менен алардын плюралисттик, кесиптик деңгээлин жогорулатууга көңүл буруу. Ушундан улам конференциянын катышуучулары массалык маалымат каражаттарынын азыркы учурдагы абалын,басма сөз эркиндигин, региондо эркин басма сөзгө болгон тоскоолдуктарды жоюу жана басма сөз рыногунда ээлеген орунду сактап калуу үчүн кызматташуу жолдорун талкуулашууда.

XS
SM
MD
LG