Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

КЫРГЫЗСТАНДЫН ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫНЫН 9 АЙДАГЫ ИШИ


Азиза Турдуева, Бишкек Үстүбүздөгү жылдын 9 айы ичинде өлкөнүн ички иштер органдарынын оперативдүү-кызматтык ишмердүүлүгү негизинен кылмыштуулукка каршы күрөшүү багыттары боюнча жүргүзүлдү. Бул мезгил ичи Ички иштер министрлигинин структурасында олуттуу өзгөрүүлөр орун алып, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун программасынын алкагында да белгилүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында министрликтин жетекчилиги өткөргөн маалымат жыйынында ушул жана башка маселелер жөнүндө сөз болду.

Жыйында ички иштер министринин биринчи орун басары Расулберди Раимбердиев бул жыл милиция кызматкерлери үчүн жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү жыл болгондугун белгиледи:

- Ички иштер органдырынын кызматкерлери үчүн бул жыл өтө татаал жана кыйын жыл болду. Анткени, бир катар ири кылмыштар орун алды. Ички иштер органдарына карата өтө көп сын-пикирлер айтылды. Буга байланыштуу тармакта бир катар структуралык, кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Расулберди Раимбердиев белгилегендей, өлкө боюнча өткөн жылга салыштырмалуу кылмыштуулуктун жалпы деңгээли төмөндөөдө. Өткөн 9 айдын ичинде Кыргызстанда 24873 кылмыш катталган. Натыйжада 648 адам өлтүрүлгөн жана 1386-сы жаракат алган. Өткөн жылдын 9 айына караганда кылмыштардын саны 10 пайызга төмөндөгөн. Экономикалык тармакта 558 кылмыш, коомдук коопсуздукка каршы - 2542, кызмат абалынан пайдаланып жасалган 854 кылмыш, ошондой эле 82 аскер кылмышы катталган. Ар кандай кылмыштарды жасаган 13018 адам кармалып, алардын ичинен 12570и кылмыш жообуна тартылды. Издөөдө болгон 6832 кылмышкердин ичинен 4907си кармалды.

Полковник Раимбердиев маалымдагандай, Кыргызстанда ири кылмыштарды жасап, качып кеткендерди издөө иштери да жүргүзүлүүдө:

- Кыргызстандын экономикасы менен атуулдарына ири көлөмдөгү материалдык жана моралдык чыгым алып келген Жайсанбаев, Пак өндүү кылмышкерлерди издөө иштери Интерполдун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен жүргүзүлүүдө. Учурда алар аты-жөнүн өзгөртүп, башка өлкөлөрдө экендиктери такталды. Бул жылы өкмөт тарабынан каражат бөлүнүп, учурда биздин кызматкерлер чет өлкөлөрдө аларды издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Алардын үй-бүлө мүчөлөрү турган жерлер да такталды. Бирок, азырынча бул жөнүндө айтуу эртелик кылат.

Деген Расулберди Раимбердиев ири кылмыштарды ачуу багытындагы иштерге мындайча токтолду:

- Учурда буйрутма киши өлтүрүүлөргө байланыштуу кылмыш иштерди ачууга бүт аракеттер жумшалууда. 6 буйрутма кылмыш иши боюнча азыр 5 адам кармалды. Динара Мамашеваны өлтүрүүнү уюштурду деп шектелген эки адам азыр тергөө изоляторунда кармалууда. Бири болсо, жашаган жерин тинтүү учурунда эле өзүн өзү өлтүрүп алган. Полковник Алиевдин өлүмү боюнча кылмышкерлер тобу кармалууда. Биз бул багыттагы ишибизди Улуттук коопсуздук кызматы, юстиция министрлиги менен тыгыз жүргүзүп жатабыз.

Жыйында белгиленгендей, ички иштер министрлиги тарабынан кызмат абалынан пайдаланып жасалган коррупциялык кылмыштарды ачууга да башкы көңүл бурулууда. Өткөн 9 айдын ичинде мындай кылмыштардын натыйжасында мамлекетке 112 млн. 990 миң сом зыян келтирилген. Анын ичинен 83 млн. 953 миң сомдун орду толукталды.

Өлкөнүн ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө карата пикирлерин сурап, биз айрым саясатчыларга да кайрылдык. Телефон аркылуу Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаевге кайрылганыбызда ал төмөнкүдөй жообун узатты:

- Мен азыр эле Жогорку Кеңешке кирип келе жатсам, өлкөдө белгилүү бир саясатчы үч жигит менен турат. Билгендердин айтымында, алар кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү. Азыр бийлик менен кылмыш дүйнөнүн өкүлдөрү бири бири менен ачык эле катташышат, тойлоруна барышат. Бул жат көрүнүш болбой калды. Мунун өзү өлкөдө кылмыштуулукка принципиалдуу күрөшүү болбой жаткандыгын айгинелейт. Ал эми ички иштер министрлигинин ишин мен канаатсыздандырарлык деп эсептейм.

Ал эми айрым саясатчылардын пикиринде ички иштер органдырынын ишиндеги кемчиликтер жалпысынан эле бүгүнкү күндө өлкөдө орун алган кыйын абал менен байланыштуу. Бул жөнүндө Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидерлеринин бири Орозбек Дүйшеев мындай дейт:

- Эми өлкөдө болуп жаткан азыркы абал үчүн жоопкерчиликти бүтүндөй эле ички иштер органдарына жүктөп койуу туура эмес. Анткени, азыркы абал бийлик жүргүзгөн саясаттын, өлкөдө орун алган башаламандыктын, бизде кылмышкерлердин, алдамчылардын, коррупцинерлердин санынын көбөйүшүнө байлданыштуу болуп жатат. Бул үчүн бир гана ички иштер министрлиги жооптуу эмес, - деген пикирин билдирди Орозбек Дүйшеев.

Өлкөдөгү административдик реформанын алкагында министрликтин алдындагы экономикалык кылмыштуулукка, диний экстремизмге каршы күрөшүү, ошондой эле кылмышкерлерлерди издөө башкармалары кайрадан түзүлдү. Транспорттогу ички иштер башкармалыгы жойулуп, министрдин 2 орун басарынын кызматы кыскартылды. Ошондой эле ички иштер органдарынын системасын реформалоо боюнча Концепция иштелип чыкты. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоого көмөк көрсөтүү программасынын алкагында учурда тармактын материалдык-техникалык базасы чыңдалууда. Бул программанын ишке ашырылышы 2005-жылдын март айына чейин узартылды.

XS
SM
MD
LG