Дүйнөлүк кадыр-барктуу бул уюмдун Кыргызстанда өткөрүп жаткан конференциясы өтө актуалдуу маселени козгойт. Анткени постсоветтик мамлекеттердеги, айрыкча Борбор Азия мамлекеттериндеги сөз эркиндиги акыркы учурда бийликтин кысымына учурап, кээ бир өлкөлөрдө эркин басма сөз каржаттары ооздукталып, билинбеген цензура жайылып баратат деп белгилешти форум катышуучулары.
Журналисттердин үстүнөн кылмыш ишин козгоо, аларды киши жалдап өлтүрүү менен жок кылуу тенденциясы барган сайын күч алууда. Алсак, бул процесс Тажикстандын расмий бийлиги аркылуу бир нече жылдардан бери жүргүзүлүп келаткандыгын Тажикстандын басма сөз каражаттарынын өкүлдөрү ачык айтты.
Ал гана эмес Борбор Азиядагы өлкөлөр арасынан бир кыйла демократиялуу басма сөз каражаттары бар Казакстан менен Кыргызстанда да басма сөздү кысымга алуу бийлик тарабынан кеңири жайыла баштагандыгын конференциянын катышуучулары тынчсыздануу менен белгилешти. Ал тууралуу «Вароруд» гезитинин башкы редактору Илхом Жомолов мындай дейт:
-Чындыгында эле Борбор Азиядагы эркин басма сөз коркунучта экендиги жөнүндө конференциянын көп катышуучулары айтты. Эркин басма сөзгө кысым көрсөтүү бардык жерде жүрүп жатат.
Бүткүлдүйнөлүк гезиттер ассоциациясынын Бишекек форумунда эң негизги маселе катары Борбор Азиядагы постсоветтик мамлекеттерде сөз эркиндиги али да болсо саясий маданият катары калыптана электиги, бул өлкөлөрдөгү демократиялык процесстердин алга жылуусуна зор салака тийгизип жатканы өтө опурталдуу симптом дешет адистер.
Алматыдагы «Адил сөз» эл аралык уюмунун изилдөөлөрүнө караганда журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу акыркы эле жылдар аралыгында Борбор Азияда 4 журналист өлтүрүлгөн.
Ал эми журналисттерди, басма сөздөрдү сотко берүү фактылары, айрыкча бийлик тарабынан сотко берүү кадимки көрүнүшкө айланууда.
Ал гана эмес көпчүлүк учурда аларды кылмыш жоопкерчилишине сот аркылуу тартуу аракеттери күч алып барат. Журналисттерди кылмыш ишине тартуу фактысы Кыргызстанда 4, Тажикстанда 3, Өзбекстанда 11 жолу кездешкен.
Ал эми журналисттерди материалдык жактан айыпка жыгуу көлөмү Өзбекстанда – 1 млрд. 160 млн. 500 миң сумга, Кыргызстанда – 46 млн. 95 миң сомго, Тажикстанда - 930 миң сомониге жеткен. Бул жагдай тууралуу Бүткүлдүйнөлүк гезиттер ассоциациясынын директору Кайза Торнороус айым мындай пикирде:
- Борбор Азия өлкөлөрүнө демократиянын желаргысы келгенине 14 жыл болсо да, бирок бул өлкөлөрдө сөз эркиндиги калыптана элек. Демек биз бул өлкөлөрдө толук кандуу демократия орноду деп айта албайбыз.
Дүйнөлүк демократиялык иниституттар акыркы кезде Борбор Азиядагы демократиялык процесстерге, анын ичинде басма сөз эркиндигине өтө тынчсызданууда. Анын айгинеси катары Бишкекте өтүп жаткан Бүткүлдүйнөлүк гезиттер ассоциациясынын «Басма сөз коркунучта» аттуу конференциясы дешет адистер.
Сүрөттө: конференциянын эмблемасы.