БАТКЕН. Акыйкатчынын Кызылкыядагы өкүлү Пазилет Тажыбаевадан 15-октябрда алынган маалыматка караганда, шаардык оорукананын жетекчилиги шаар бийлиги менен бирге төрөт үйүн башка имаратка көчүрүү аракетин көрүшүүдө. Буга шаардын көпчүлүк тургундары нааразы.
Анткени төрөт үйү көчө турган имарат талапка жооп бербейт. Суу, жылуулук жок, тепкичтери өтө эле тар. Анын үстүнө рентген кабинети тургандыктан ал жер энелер менен наристердин ден-соолугуна кооптуу. Азыркы төрөт үйү болсо атайын ылайыкталып салынгандыктан бардык шарты бар. Шаар тургундарынын айрымдарынын бизге билдиргенине караганда төрөт үйүн жылдырбоо талабы менен кызылкыялыктар буга дейре шаар бийлигине да кайрылышкан.
Бирок андан эч кандай майнап чыкпай эл арасында нааразылык күчөөдө. Ал эми шаар башчысынын орун басары Акрамали Сейдалиев мындай нааразылык менен кайрылгандарга иштин чоо-жайы түшүндүрүлгөнүн, төрөт үйү имаратты саламаттыкты сактоо министрлигинен келген комиссия талапка жооп берет деп тапканын, учурда ага оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Ошондой эле ал эски төрөт үй имараты конкурстук негизде ижарага берилерин кошумчалады.