Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Америкалык аскерлер Фаллужа шаарына чабуулга өттү


Америкалык аскерлер Ирактын Фаллужа шаарына өз чабуулун улантууда. Танкилердин коштоосунда шаар алдына бир миңге жакын аскер келип токтоду. Бул шаарда Абу Мусаб ал-Заркави деген белгилүү согушкер жашынууда деген маалымат бар жана Ирактын премьер-министри шаар калкына кайрылып, аны кармап берүүнү талап кылган.

Заркавинин башы үчүн Вашингтон 25 миллион доллар сыйлык жарыялаган жана анын адамдары кечээ күнү Багдаддын борборунда эки жардыруу уюштургандан беш адам набыт кетти. Бүгүн эртең менен америкалыктар Фаллужаны абадан бомбалагандан, беш адам өлүп, 16 киши жараат алганы тууралуу айтылууда.

XS
SM
MD
LG