Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Лондондо согушка каршы демонстрацияга миңдеген киши чыкты


Уюштуруучулар 30 миң чакты кишинин келишин болжолдоп жатышканын билдиришкен. Демонстранттар Ирактын оккупациясын бүтүрүү талабы менен чыгышты.

Жакында Иракта башы кесилген британ атуулунун бир тууганы Кенет Бигли элди демонстрацияга чыгып, британ өкмөтүнүн саясатына карата өз пикирин билдирүүгө чакырган эле.

Нааразылык акциясы Европалык Социалдык форумга улаш өткөрүлдү. Үч күнгө созулган жыйынга согушка, эркин базар мамилелерине жана расизмге каршы күрөшкөн активисттер катышты.

XS
SM
MD
LG