Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:44

АКШнын департаменти өз өлкөсүндө жашап-иштөөгө конкурс жарыялады


БИШКЕК. АКШ өкмөтү дүйнө жүзүндөгү миндеген адамдардын Кошмо Штаттарына келип жашап-иштөөсүнө укук берүүчү «Гриин кард» лотерея-конкурсун жарыялады. Мындай конкурс АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан жылына бир жолу жарыяланып, лотерея-конкурста жеңип алгандарга АКШда жашоого мүмкүнчүлүк берилет. Мына ушундай лотерея менен соңку беш жылдын ичинде дүйнө жүзүнөн жылына 50 миң адамдын Кошмо Штаттарына баруусуна уруксат берилген.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына караганда, Кошмо Штаттарында жашап-иштөөнү каалагандар 2004-жылдын 7-ноябрынан 2005-жылдын январь айына чейин атайын талаптар көрсөтүлгөн кагазды толтуруп, тиешелүү дарекке жөнөтүшү керек. Ал эми кошумча маалыматты АКШнын Кыргызстандагы элчилиги берет.

XS
SM
MD
LG