ТАЛАС. Талас мамлекеттик университетинде өткөн семинарда Кыргызстанда, анын ичинде Талас облусунда коррупцияга каршы күрөштө анча майнап чыкпай жаткандыгы моюнга алынды. Прокуратура, милиция, юстиция органдарынын жетекчилеринин билдиргенине караганда, жеке адамдарбы, же мамлекеттик кызматтагылар тарабынан жасалган коррупциялык кылмыштардын бети ачылып, тергелип, сотко өткөрүлгөнү менен адилет жаза алгандары дээрлик жок. Ал эми сотко ашырылган бирин-экин кылмыш иштеринде айыпкерлер мунапыс жөнүндөгү мыйзамга туш келтирилет да, бошонуп кетишет. Соттордун дарегине ошентип кескин сын айтылганы менен алардын өкүлдөрүнө сөз да берилген жок. Семинарда маалым болгондой быйылкы жылдын он айында прокуратура органдары 36, милиция 13, финансы полициясы 7 жана коопсуздук кызматы бир коррупциялык кылмыштын бетин ачкан. Ал эми атын атабоону өтүнгөн облустук соттун судьясынын айтымында, коррупциялык кылмыштардын көпчүлүгү сотко чейин эле өндүрүштөн кыскартылып, иш жабылат.