БИШКЕК. 17-декабрда Бишкекте “Билим берүү- агартуучулукпу же бизнеспи?” деген аталыштагы форум өттү. Анда билим берүү тармагындагы көйгөйлөр жана билим берүүнү мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды. Бишкек ишкерлер клубунун мүчөлөрү билим берүү тармагы бизнестин бир түрү экендигин, өнүккөн өлкөлөрдө билим берүүдөн түшкөн киреше бюджеттин көлөмдүү бөлүгүн түзөөрүн айтышты. Ошондой эле форумда билим берүү тармагында түшкөн каражат көмүскө колдонулуп жаткандыгы белгиленди. Кыргызстанда билим берүүнү кантип бизнеске өткөрүү керектиги талкууланып, жогорку окуу жайдын өкүлдөрү, кыргыз бизнесинин топ-менджерлери жана эксперттери билим берүүнү бизнеске өткөрүү тууралуу пикирлерин билдирди.