Массалык маалымат каражаттарынын ишине көз салуучу эларалык уюмдардын айтымында 2004-жыл журналисттер үчүн өтө опуртал жылдардын бири болду жана кабар үчүн кара башын байлап койгон бир канча журналист мерт кетти. Канча журналист каза тапканы тууралуу сандарда гана айырма болбосо, өткөн жыл акыркы 10 жылдагы эң бир кесиреттүү мезгилдин бири деп аталды.
Кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо уюмунун жаңы жыл алдында жарыялаган маалыматына караганда акыркы 12 айда 56 журналист көз жумду. Алардын көбү Ирактын кан күйгөн согушунда маалымат кубалап жүрүп мерт кетишти. Дагы бир канчасы Американын “Форбс” журналынын орусча чыгарылышынын редактору Полл Хлебниковго окшоп заказ менен атып өлтүрүлдү. Борис Березовский тууралуу “Кремлдин өкүл атасы” деген китеп жазган Полл Хлебников былтыр июлда Москвада белгисиз бирөөлөрдүн колунан ажал тапкан. Анын бир тууганы Петер Хлебников “Полл “жаңы орустардын” жинине тийген макалаларды жаза баштаганда эле урук-жааттарыбыз менен анын өмүрүнө тынчсыздана баштаганбыз” дейт:
- Биз андан так маалыматтарды алалы деп жакшы эле кызыгып, такып сурадык. Бирок Полл кимдердин ачуусуна тийгени тууралуу үй-бүлөсүнө да ачылып эч нерсе айтчу эмес. Ал мунусу менен үй-бүлөсүнүн тынчын албайын, ушунум менен үй-бүлөмдү коргоюн деп аракеттенсе керек, - дейт Петер Хлебников.
Өткөн жыл ичинде журналисттер үчүн эң коркунучтуу аймак – Ирактын болгондугу таңгалычтуу эмес. Чегарасыз репортерлор уюмунун маалыматы боюнча каза болгон 53 журналисттин он тогузу Иракта окко учушту.
Венадагы эларалык басма сөз институтунун өкүлү Майкл Кудлак Иракта мерт кеткен журналисттердин баары эле түздөн-түз согуш тааласында ок жеген жок дейт:
– Айрым журналисттер чыныгы журналист болгону үчүн бутага алынып, куугунтукталышты. Алардын оозун биротоло жабыш үчүн маалымат тышка чыгалекте деп өлтүрүлдү.
Майкл Кудлактын келтирген мисалына караганда “Ал-Хуррия” телестанциясынын кабарчысы Дина Мухаммед Хассан 14-октябрда Багдадда өз үйүнүн алдында атылды. Дина айым анын алдында кимдир-бирөөлөрдөн “журналисттик ишиңди токтот!” деген эскертүү алган экен. Ошол эле каргашалуу күнү Мосулда Европадагы Пресс-фото агенттигинин фотографы Карам Хусейин да киши колдуу болду.
Эларалык басма сөз институту өткөн жылы дүйнөдө каза тапкан журналисттердин саны 56 эмес, андан алдаганча көп, так айтканда, 78 деген маалыматын таратты. Уюм тизмеге кызматына байланыштуу көз жумду деген кабарчыларды да кошкон. Институт Филиппинде алты, Бангладеште үч журналист коррупцияга аралашкандар тууралуу жазып жүрүп атылган.
Дучко Жаванович болсо Сербия жана Черногориянын оппозициялык “Дэн” гезитинин башкы редактору эле, ал май айында өлтүрүлдү. Сауд Аравиясында “Ал-Каиданын” мүчөлөрүнүн биринин үйүн тартып жүрүп Би-Би-Синин оператору Симон Камберс атылды. Казакстандык эркин журналист Асхат Шарипжан болсо июль айында табышмактуу жагдайда автокырсыктын курмандыгы болду.
Венадагы эларалык басма сөз институтунун өкүлү Майкл Кудлактын айтымында көпчүлүк убакта кылмышкерлер жазасыз калууда жана коомчулук болсо буга кайдыгер карап, көнүп баратат:
– Журналисттер албетте, демократиянын маанилүү бөлүгү болгон эркин ойду, эркин пикирди билдиришет. Ошондуктан журналисттерге кол көтөрүү менен иш жүзүндө демократияга сес көрсөтүлүп жатат. Ушул себептүү адамдар бул тынчсыздандыра турган көрүнүшкө көңүл бурууга тийиш.
Журналисттерди коргоо комитетинин жетекчиси Энн Купер “кылмышкерлерди жазасыз калтыруу менен дүйнөдөгү айрым өкмөттөр обого кетип жаткан маалыматтарга жаңы “редакторлорду” табышты” деген пикирин билдирди.