Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

КЫРГЫЗСТАН: ДЕМОКРАТИЯГА ТАҢСЫКПЫ? СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?


Замира Кожобаева, Бишкек. 18-январда “Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюму, жарандык лидерлердин форуму жана демократияны өнүктүрүү фонду биргелешип “Кыргызстандагы демократиянын таңсыктыгы: анын себептери” деген темада форум өткөрдү. Ага саясатчылар, ЖК депутаттары, укук коргоочулар, мамлекеттик кызматкерлер, студенттер, атуулдук коомдун жана саясий партиялардын өкүлдөрү катышты. Форумда негизинен Кыргызстандагы демократиянын учурдагы абалы тууралуу сөз болду. Аталган форумдун катышуучулары шайлоолону адилет өткөрүүгө чакырган Коомдук келишимдин долбоору кабыл алынды.

Форумда оппозиция өкүлдөрү, укук коргоочу уюмдар, айрым саясий партиялар жана эркин маалымат каражаттары тарабынан Кыргызстанда демократиянын аты кагазда эле калгандыгы тууралуу маселе козголду. “Ата Журт” коомдук саясий бирикмесинин теңтөрайымы Роза Отунбаева 13 жылдан бери Кыргызстанда демократия өнүгүп-өсүүнүн ордуна тескерисинче чөгүп жок болуп бараткандыгын, Кыргызстанды өзгөртүүнүн зарылдыгы келип жеткендигин айтты. Ушундай эле пикирди Кыргызстан элдик кыймылынын жетекчисинин орун басары Ишенгүл Болжурова да билдирип, демократияны эл орноторун, ал эми бийлик элдин бийлигин таанууга милдеттүү экендигин баса белгиледи. Анын айтымында Кыргызстанда баары тескерисинче, эл бийликке шайлоо жана референдум болордо гана керек:

Кыргызстан демократиялык өлкө болушу үчүн болгон күчүбүздү, акылыбызды, илимибизди жумшайбыз. Биз эч качан артка кетпейбиз, жолубуздан тайбайбыз. Саясий формадагы кандай каршылыктар болсо ошолордун баарын колдонобуз деген ураан менен чыктык

-деди Ишенгүл Болжурова. Катышуучулар Кыргызстанда бийлик тарабынан демократиянын принциптеринин аткарылуусуна бут тосулуп жаткандыгын айтып чыгышты. Эркин журналист Азима Мансурова учурда сөз эркиндиги жоктугун, шайлоо алдында журналисттердин ишмердүүлүгүнө дээрлик чекит коюлгандыгын айтты. Анын айтымында журналисттер тиги же бул талапкер тууралуу ооз ачса эле үгүт ишин жүргүзгөн болуп саналышууда:

Ошол эле мезгилде бийликтин өзү кээ бир талапкерлер үчүн ачык эле үгүт жүргүзүп жатат. Буга алар колундагы бийлигинен болушунча пайдаланып жаткандыгын көрүп туруп, колубузда бардык документтер турса дагы биз журналисттер унчуга албай жатабыз

-деди Азима Мансурова. БШК нын дарегине Адам укугун коргоо бюросунун жетекчиси Наталья Аблова да нааразы сөзүн билдирди. Анын айтымында:

БШК техникалык орган. Ал саясатка аралаша албайт. БШК нын ишмердиги тууралуу мыйзам бар. Бирок алар азыр талапкерлер тууралуу түрдүү пикирлерин ачык айтышып, өздөрүнүн укуктарынан аша чаап кетип жатышат

-дейт Наталья Аблова.

Ал эми форумга катышып отурган президенттин стратегиялык маселелер боюнча кеңешчиси Валентин Богатырев Кыргызстандын мамлекет катары түзүлүшүнө коом салым кошпогондугун айтып, ушундан улам бардык маселелер келип чыгып жаткандыгын айтты:

Кыргызстан бизге Союздан мурас катары калган. Анын мамлекет катары куралышына биз эч кимибиз салым кошкон эмеспиз. Менин оюмча бүт көйгөйдүн баары ушундан келип чыгып жатат. Ал эми бийлик башындагы бир адамды алмаштырып коюудан эле баары ордуна түшөт дегенге ишенбейм. Ал эми адилет шайлоо эч бир жерде болбойт. АКШ да, Ооганстанда шайлоолор адилет өттү деп айтышкан. Бирок кандай өткөндүгү бизге белгилүү

-дейт Валентин Богатырев.
Форумга жаштар да катышышты. Бишкектеги гуманитардык университеттин студенти Тимур Шайхутдиновдун айтымында бийлик колунда болгон мүмкүнчүлүктөрүнө таянып, жаштарды каалагандай пайдаланып жатат:

Бизди, студенттерди бийликти колдогон көрсөтмө митингдерге кууп баруу эң эле оңой. Бизди дайыма кандайдыр бир кайрылууларга кол коюуга мажбурлашат. Ал эми каршы турган студенттер окуу жайдан чыгып калуу же дагы башка коркутуп-үркүтүүлөргө туш болушат


-дейт Тимур Шайхутдинов.
Форумдун аягында катышуучулар жакындап келе жаткан шайлоолорду адилет өткөрүлүүсүн каалаган уюмдарды жана атуулдарды биригүүгө чакырган Коомдук келишимдин долбоорун карап, ага бир топ кошумчаларды киргизишти.

XS
SM
MD
LG