Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:17

ЖАРАТЫЛЫШ КЫРСЫКТАРЫНЫН КЕСЕПЕТИН АЗАЙТУУ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНЫП ЖАТАТ


Жапониянын Коба шаарында жаратылыш кырсыктарынын кесепетин азайтуу боюнча эл аралык жыйын өтүүдө. Анда талкууланып жаткан негизги маселелердин бири - жакында Түштүк -чыгыш Азияда болгон апаат. Эксперттердин пикиринде, эгер Инди океанда цунами жөнүндө күн мурунтан эскертүүчү система болгондо, региондун өлкөлөрү азыркыдай жоготууга кабылмак эмес.

Жапониядагы бул эл аралык жыйын башында Коба шаарында болгон күчтүү жер титирөөнүн он жылдыгын белгилөөгө багытталган эле. Бирок Түштүк-чыгыш Азияда 175 миң адамдын өмүрүн алып, миллиондогондорун үй- жайсыз калтырган цунамиден кийин жыйынга келүүнү көздөгөндөрдүн саны эки эсеге көбөйдү. Конференция катышуучулары цунами курмандыктарын бир минутка унчукпай эскерген соң, БУУнун башкатчысы Кофи Аннан аларга видео аркылуу кайрылды:

-Мындай трагедия болгондон кийин үзүлгөндү улап, бүлүнгөндү жыйнап коюу эле жетишсиз. Биз мындан мүмкүн болушунча сабак алышыбыз жана келчекте буга окшогон трагедияларга жол бербешибиз абзел.

Аннан белгилегендей, эскертүү чараларына көбүрөөк көңүл бурулса, калыбына келтирүү иштерине ошончо аз каражат сарпталат. Эксперттердин пикиринде, соңку цунамиден алынчу сабактардын айрымдары - Инди океанда күн мурунтан эскертүүчү система түзүү жана бай өлкөлөрдүн жаратылыш кырсыктарын алдын алууга көбүрөөк акча ажыратуусу. ЮНЕСКОнун эсебинде, Инди океанда күн мурунтан эскертүүчү система түзүү 30 миллион доллар гана талап кылынат. Бул ал келтирген чыгымдын бир үзүмү эле. ЮНЕСКО өз тарабынан ошондой системанын долбоорун сунуш кылды. Конференцияга келген эксперттер эми ошол планды ишке ашыруунун жолдорун талкуулашмакчы.

Конференцияда ооруканалар, электр станциялары өңдүү жайларды жаратылыш кырсыктарынан коргоонун ыкмалары да каралууда. БУУнун цунамиден жабыр тарткан өлкөлөрдө жардам көргөзүү иштерин жетектеп жаткан Ян Егеландын айтымында, ага кабылган өлкөлөр бөлүнгөн чукул жардамдын 10%ы жаратылыш кырсыктарынан келүүчү тобокелчиликтерди азайтууга жумшаганы оң.

Регионго ири жардам убада кылган өлкөлөрдүн бири –Жапония. Дүйнөдөгү жер титирөөнүн 20%ы Жапониянын үлүшүнө туура келет. Аларды жаратылыш кырсыктарынан коргонуу жаатында тажрыйба көбүрөөк. Конференция катышуучуларына жапон императору Акихито да кайрылды:

-Мен бул конференциядагы талкуулар, Жапония жаратылыш кырсыктарын азайтуу боюнча өткөн жылдары өнүктүргөн илим жана технология башка өлкөлөрдөгү жаратылыш кырсыктардын кесепеттерин төмөндөтүүгө жардам берээрине чын ниетимден үмүттөнөм.

Анткен менен адистер технология менен каражат эле маселени түгөл чече албасын айтышат. Алсак жогорудагылардан башка өнүкпөгөн өлкөлөрдүн коммуникациясы өтө начар алыскы аймактарына эскертүүнү жеткирүү, жергиликтүү тургундарды эскертүү берилгенден кийин эмне кылууга үйрөтүү маселеси турат. Мисалы Түштүк - чыгыш Азияда көп адамдар цунамиге чейин жер титирөөдөн улам деңиздин түбүн көздөй тартылып кетүүсүн көрүү үчүн барып, толкундун алдында калышкан. Андыктан БУУнун өкүлү Ян Егеланд Коба шаарындагы конференцияда белгилегендей, жаратылыш кырсыктары учурунда эмне кылууга балдар да, чоңдор да үйрөтүлүшү керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG