Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:21

ЮЩЕНКО ДҮЙШӨМБҮ КҮНҮ МОСКВАГА КЕЛЕТ


Украинанын жаңы президенти Виктор Ющенко бийликтеги биринчи аптасын бүт бойдон чет өлкөлөрдө өткөрөт. Атап айтканда, Страсбургда, Брюсселде, Давосто жана Освенцимде болот. Бирок чет өлкөдөгү биринчи ырасмий визитин Ющенко Москвадан баштамай болду. Жаңы президенттин бул кадамын эксперттер эки башка апазда комментариялап жатышат.

Киевде чыгуучу “Политична думка“ аттуу журналдын башкы редактору Володимир Полохало жаңы президенттин бул чечими коомутта калтырганын жашырган жок. Ющенкону шайлоочулар баарыдан мурда өлкөнү Европага жакындатып, Россиянын орбитасынан алыстат деген үмүттө колдошкон эле. Биринчи визитин Москвадан баштап, жаңы президент мурдагы “көп векторлуу” саясатты улантканга ыкыласын билдирди, деп айтты Полохало.

“Көп векторлуу” саясат, Полохалонун баамында, Украинанын улуттук таламдары үчүн эч кандай пайда берген жок. Европалык интеграция Россия үстөмдүк кылган экономикалык мейкиндик зонасы менен коошо албайт. Акыры түбү, Ющенко өзү жарыялагандай, Украина экономика, саясий чөйрөдө чыныгы демократиялык реформаларды өткөрүүнү көздөсө, мыйзам улуктугун пир туткан укукчул коом болгусу келсе, ички-тышкы иштерде европалык жосун-жолойлорду колдонууну кааласа, анда Евросоюзга жана европалык саясий асылнарктарга ыктоо керек. Ал эми Украинанын Россия менен мамилеси, көз карандысыз көптөгөн эксперттер ырастап жатышкандай,жаңы схеманын негизинде түзүлүшү керек,дейт Порохало.

Бирок Ющенконун бул сапары мындай келечектин ишаарасы эмес. Балким, бу айкөлдүктүн белгиси чыгар, анткени Ющенко Россиянын геосаясий таламдарына коркунуч түзгөн башкы күч делинип каралган. Президент Путин менен анын командасы Ющенкодон постсоветтик мейкиндикти ыдыратар негизги факторду көрүп, аны бийликке жолотпош үчүн катуу аракет кылды. Ющенко, кыязы, мындай майда-барат мүдөөлөрдөн өйдө экенин көрсөткүсү келди окшойт,деп божомолдойт Полохало.

Москвадагы саясий иликтөөлөр институтунун башчысы Сергей Марковдун пикирине караганда, Ющенко баарыдан мурда эки тараптын кызыкчылыктарын эске алып жатат. Бу бир жагынан Путинге өтө зарыл, анткени россиялык экономиканы өнүктүрүү үчүн Украина менен жакын алакада болуу өзгөчө маанилүү. Ушундай эле жүйөөдөн улам бул Ющенко үчүн да абдан зарыл, анан калса украин коому иш жүзүндө экиге бөлүнүп калды. Мындан тышкары коомдук институттар эки өлкөдө тең өнүгө элек, алсыз абалда, мындай шартта бүт элита, жалпы калк лидерлердин гана көзүн карап,ошолорду ээрчип турат. Эгер эки лидер өз ара тил табыша алса, бул чоң ийгилик болмок, бирок алар өз ара жылуу ымала түзө алабы-жокпу, муну айтуу абдан кыйын,дейт Марков.

Марковдун айтымында, эгер Ющенко орустар дегенде кучунашы кармап, курушуп турган радикалдардын өкүлдөрүн өз өкмөтүнө киргизбесе, буга Москва курсант болмок.

XS
SM
MD
LG