Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Ысыккөлдө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер катталууда


КАРАКОЛ. Облустук шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Турсунгүл Сабитованын айтымында, парламенттик шайлоодо ат салышуучу элүү беш талапкердин кырк төртү каттоодон өттү. Ал эми №69 Балыкчы шайлоо округунан «Кара шаар» жоопкерчилиги чектелген коомунун директири Жумгалбек Алымкожоев, №70 Ысыккөл шайлоо округунан Ысыккөл райондук Кеңешинин төрагасы Болот Карабалаев, «Алга, Кыргызстан!» саясий партиясынын атынан талапкерлиги көрсөтүлгөн Искендер Бараканов өздөрүнүн каалоолору боюнча алдыдагы саясий өнөктүктөгү күч сынашуудан баш тартышты. Алдын ала алынган айрым маалыматтарга караганда, № 71 Түп шайлоо округунан да арыздарын алуучу талапкерлер бар. Ал эми №73 Аксуу шайлоо округунан облустун губернатору Токтон Шайлиеванын баласы Алыбек уулу Сатыбалдынын талапкер катары катталышы аталган округда да өзгөрүүлөр болушу мүмкүн деген божомол ойлор айтылууда.

XS
SM
MD
LG