Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

А.Акаевди кызматтан кетирүү боюнча кол топтоо башталды


БИШКЕК. 2-февралда «Президент Акаевди бийликтен кетирүү, эл үчүн реформа» кыймылы өлкө башчысын кызматынан кетирүү боюнча кол топтоо акциясын баштады. Бул тууралуу аталган кыймылдын өкүлү Топчубек Тургуналиев «Азаттык» радиосуна билдирди. «Президент Акаевди бийликтен кетирүү, эл үчүн реформа» кыймылы 2002-жылы Аксы окуясынан кийин түзүлгөн. Анын курамына «Эркин Кыргызстан», «Республика», «Кайран Эл», Кыргызстан демократиялык кыймылы, «Асаба» кайра жаралуу жана «Эркиндик» партиялары кирет. Ал эми өткөн жылдын сентябрь айынан тарта Ош облусундагы «Элим үчүн, элим менен» коомдук кору Аскар Акаевдин ыйгарым укуктарын референдум аркылуу 2010- жылга чейин узартуу боюнча кол топтоо өнөктүгүн улантып келет. Фонддун төрагасы Аманбай Сатыбаевдин 2-февралда «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча учурда 50 миңге жакын кол топтолду.

XS
SM
MD
LG