Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

Талапкерлердин саны суюлуп барат


БИШКЕК. 27-февралдагы парламенттик шайлоого ат салыша турган талапкерлердин саны 18-февралга карата 397 адам болду. Борбордук Шайлоо комиссиясынан алынган маалыматка караганда, талапкерликке көрсөтүлгөн 473 адамдын бешөө Шайлоо Кодексинин 69-беренесине ылайык акыркы беш жылда Кыргызстанда турбагандыгы үчүн талапкер болуп катталган жок. Бирөө үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда жүргүзгөнү үчүн соттун чечими менен марадан чыгып, бирөө дүйнөдөн кайтты. Калган талапкерлердин 40ка жакыны үй-бүлөлүк шартына жана ден соолугуна байланыштуу ат салыша албасын билдирип арыз беришти. Натыйжада азыр орто эсеп менен депутаттык бир орун үчүн беш талапкер жарышка түшүп жатат.

XS
SM
MD
LG