Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:31

ЦУНАМИДЕН ЖАПА ЧЕККЕНДЕРГЕ КОШУМЧА ЖАРДАМ ЧОГУЛТУУ АРАКЕТТЕРИ КӨРҮЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага АКШнын мурдагы эки президенти Жорж Буш жана Билл Клинтон 19-февралда Таиландка келди. Аларды Түштүк-Чыгыш Азиядагы цунамиден жапа чеккендерге жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултуу боюнча АКШ жетекчилигинин атайын өкүлдөрү кылып азыркы президент Жорж Буш дайындалган. Ага чейин болсо Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан дагы Клинтонду аймактагы абалды калыбына келтирүү маселеси боюнча өзүнүн атайын өкүлү кылып бекиткен.

Эки мурдагы америкалык президент 19-февралда Таиланддын Пхукет аралына келди жана үч күндүн ичинде төрт мамлекетти кыдырып, каражат чогултат. Алгач алар Бан Нам Хем деген айылга келип, анын тургундары менен жолукту, бул айылдын беш миңге жакын адамынын жарымы цунамиден курман болгон. Ал жерде эки президент журналисттер менен жолукканда, Билл Клинтон - жаңы кызмат ага жаккандыгын билдирди:

- Жапа чеккендерге ушунчалык жардам көрсөтүлүп жатканы адамдын жүрөгүн элжиретет. Бул айылдан эбегейсиз алыс, Жердин наркы бетинде жашандар акча жиберүүдө. Ушундай ишке мен катышып жатканым менен сыймыктанам.

Жорж Буш менен Билл Клинтон өлкөнүн премьер-министри Таксин Шинаватра менен жолуккандан кийин 20-февралда Индонезияга барат.

26-декабрда Суматра аралынан алыс эмес аймакта ири жер титирөө болуп, андан чыккан толкундан Индонезиянын Ачей провинциясы эң көп жапа чеккен, бирок канча адам өлгөнү эмгиче так белгисиз, ар башка агенттиктер, жада калса бир өлкөнүн ар башка министрликтери бир-биринен кыйла айырмаланган маалымат берүүдө.

Индонезиянын Чукул кырдаалдар боюнча агенттигинин айтымында, өлкөдө 118 миң адам өлдү, бирок Социалдык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 123 миң адам курман болгон. Ал эми дайынсыз жоголгон адамдардын саны он эсеге айырмаланат - агенттиктин айтымында, 115 миң адам табыла элек, министрлик болсо 12 миң адамдын дайыны жок деп айтууда.

Шри Ланкадагы абал дагы ошондой, өлкөнүн Чукул кырдаалдар боюнча борборунун маалыматына караганда, 31 миң адам өлгөн. Коомдук коосуздук министрлиги болсо өлгөндөрдүн саны 28 миң дейт. Таиланд жетекчилигинин айтымында, өлкөдө 5293 адам курман болуп, дагы 3062 кишинин дайыны белгисиз.

Башка өлкөлөр - Сомали, Бурма, Малдив, Малайзия, Танзания, Бангладеш жана Кенияда өлгөндөрдүн жалпы саны беш жүз элүүнүн тегерегинде.

Эл аралык уюмдар жапа чеккен өлкөлөргө бардыгы болуп эки миллиард долларга жакын жардам көрсөтүүгө убада кылды, анын дээрлик жарымы АКШдан келиши мүмкүн жана эки мурдагы президент дагы кошумча каражат чогултса, АКШнын салымы андан да көп болот.

Анткен менен Бириккен Улуттардын баш катчысынын жардамчысы Маргарета Волстрөмдүн айтымында, азырынча жерине 360 миң доллар гана жардам жетти жана Бириккен Улуттар дүйнө мамлекеттери менен эл аралык уюмдарга кайрылып, аларды убадаланган жардамды ылдамыраак бөлүп берүүгө чакырууда.

Келген жардамды бөлүштүрүү иштеринде да кемчиликтер арбын, аны өз пайдасына жумшап жиберген деп Шри Ланка өкмөтүнүн үч кызматкери жумушунан четтетилди.

Бирок канча кемчилик болсо дагы, бул алааматтан жапа чеккендерге жардам көрсөтүү ишинде дүйнөлүк коомчулук тикесинен тик турду жана кээ бир саясатчылар эң көп жардам берген уюмдарга Нобел сыйлыгын ыйгарыш керек деп да айтууда. АКШнын эки мурдагы президенти - Жорж Буш менен Билл Клинтон дагы саясатта душман экени белгилүү, бирок цунамиден жапа чеккендерге жардам көрсөтүүдө биргелешип иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG