Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

Түркиянын Изник шаарында кыргыз жоокерлери эскерилди


Кыргыз жоокерлеринин күмбөзү. Изник шаары.
Кыргыз жоокерлеринин күмбөзү. Изник шаары.

19-майда Түркиянын Изник шаарындагы 1331-жылы курулган кыргыз жоокерлеринин күмбөзүндө аларга багышталып куран окулуп, эскерилди.

Иш-чарага Түркиядагы кыргызстандыктар, дипломаттар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. 700 жыл мурун Орхан Газинин Изник шаарын ээлешинде кыргыз жоокерлеринин салымы чоң деп атайын күмбөз салынган.

Ал күмбөз шаардын мэриясы тарабынан корголуп, жылына бир жолу Түркиядагы кыргызстандыктар зыярат кылып турушат. Бул ирет элчилик, консулдук жана диаспора өкүлдөрү боз үй тигип, маданий иш-чара уюштурулду.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылы 43 миң калк жашаган Изник шаарында өткөн. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG